
Мамлекеттик салык кызматы 3 миллион сомдон ашык суммадагы 3 миңден ашык никотин камтыган товарларды алып койду.
Салык контролу боюнча рейд учурунда Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) кызматкерлери Бишкекте никотин жеткирүү үчүн тыюу салынган электрондук түзмөктөрдү сатуу менен алектенген мыйзамсыз жайды аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.
Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган соода жайы борбордун 7-микрорайонундагы турак үйдүн подвалында жайгашкан. Текшерүү учурунда анын жетекчиси Э.Д.Ж. аттуу жаран экендиги белгилүү болду. Продукцияны жеткирүү курьердик кызматтар жана такси аркылуу уюштурулган система аркылуу сатышкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 3 миллион сомдон ашык жалпы баасы бар 3 миңден ашык тыюу салынган товарлар убактылуу алып коюлду. Алып коюлган продукция укук коргоо органдарына кийинки териштирүү үчүн өткөрүлөт.
Сүрөт www