
Кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө 564 миллион доллар коротушту
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстандагы туристтик сектор 1 миллиард доллардан ашык киреше тапты. Чет элдик туристтер өлкөдө 1 миллиард 98,5 миллион доллар калтырышты, бул өткөн жылга салыштырмалуу 8,1%га көп.
Ошентсе да, бул тармакка болгон инвестициялар азайды: туристтик инфраструктураны куруу жана модернизациялоого 19 миллиард сомдон ашык каражат жумшалды, бул 2024-жылга салыштырмалуу 3,3%га аз.
Ресторандар жана коомдук тамактануу жайларынын кирешеси 26,1 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,9%га өстү. Мейманканалар 11,1 миллиард сом киреше тапты, ал эми чет элдик жарандардын транспорттук чыгымдары 17,3 миллиард сомго жетти.
Кыргызстандыктардын чет өлкөгө сапарларына (кызматтардын импорту) болгон чыгымдары 564 миллион долларды түздү.
Сүрөт www