КФБ 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча фондулук рыноктун мыкты катышуучуларын атады
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз фондулук биржасы фондулук рыноктун ар түрдүү категорияларындагы мыкты катышуучулардын аттарын жарыялады. КФБнын маалыматына ылайык, акциялар сегментинде жылдын эмитенти наамын ОАО «Элдик Банк» алды, ал эми облигациялар боюнча — ОсОО «Строй Дом. КГ». ОАО «Аэропорты Кыргызстана» жылдын компаниясы деп табылды.