
Каралган темалардын арасында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кийинки отурумуна даярдык, түз авиакаттамды ачуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле туристтик өнөктөштүктү өнүктүрүү жана транспорт-логистика байланыштарын жакшыртуу маселелери болду.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди улантууга жана зарыл болгон чараларды көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.