Эл аралык калыстар алкагында: Ходжакули Нарлиев (төрага), Артыкпая Суюндукова, Гульнара Абикеева, Анна Леоненко, Сардана Саввина жана Шарофат Арабова төмөнкү чечимди кабыл алышты:Улуттук конкурста ыйгарылсын:
1. 1. Эң жакшы фильм үчүн Гран-при «Жердин шаңы» фильмина ыйгарылсын (реж. Чолпонай Борубаева)
2. 2. Режиссура үчүн сыйлык Венера Джаманкуловага «Атамдын жубайы» фильмин тартканы үчүн ыйгарылсын
3. 3. Калыстар тарабынан атайын сыйлык «Физрук, алтын жана дарыя» фильмина ыйгарылсын (реж. Аманбек Ажымат)
4. Көрүүчүлөрдүн симпатиясы «Жырткычтын изинде» фильмина ыйгарылды (реж. Азамат Арыков)
Эл аралык конкурста ыйгарылсын:
1. 1. Эң жакшы фильм үчүн Гран-при «Ар бир биринчи» фильмина ыйгарылсын (реж. Николай Котяш, Россия)
2. 2. Режиссура үчүн сыйлык Асан Джанталиевге «Лифт» фильмин тартканы үчүн ыйгарылсын (Кыргызстан)
3. 3. Калыстар атайын сыйлыкты «Үй 16» (реж. Азиз Ахмеджанов, Өзбекстан) жана «Кайра чагылдыруу» (реж. Айшад Сафаралиев, Азербайжан) фильмдери арасында бөлүштүрүү чечимин кабыл алышты
4. 4. Калыстар ошондой эле «Ах, Вели, Вели…» биринчи сүйүү тууралуу позитивдүү маанай жаратуусу үчүн атайын эскертүү менен Диплом ыйгаруу чечимин кабыл алышты, бул фильм Түркмөн мамлекеттик маданият институтунун студенттери тарабынан Бюль-Бюль Мамедовдун жетекчилиги астында тартылган
5. Көрүүчүлөрдүн симпатиясы «Ах, Вели, Вели…» фильмина ыйгарылды.
2014-жылдын 15-декабры, Бишкек