
Бишкек шаарындагы “НЭСК” акционердик коомунун сегиз адисинен турган эки бригада Татарстанда окуп, тажрыйба алмашып, квалификациясын жогорулатып жатышат. Окуу аба жана кабель электр өткөргүчтөрүндө, ошондой эле 1000 В чейин чыңалуудагы бөлүштүрүүчү жабдыктарда иштөөнү камтыйт, деп билдирет КРнын Энергетика министрлиги.
Бул пилоттук долбоорду ишке ашыруу идеясы “НЭСК” акционердик коомунун кызматкерлеринин Казанга жумушчу сапарында пайда болгон. Татар тарап кыргыз адистерин бекер окутууну сунуштады. Окуу 1-декабрдан 16-декабрга чейин өтүүдө.
Курс аяктагандан кийин бригадаларды жаңы жеке коргоо комплекти менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн талкуулоо пландалууда, бул чыңалууну жөнгө салууда коопсуз иштөө үчүн маанилүү.