Инклюзивдик билим берүүнүн реформасы: ПМПКнын жаңыланган эрежелери бекитилди
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги психолого-медико-педагогикалык консультациянын (ПМПК) жаңы эрежелеринин бекитилгендиги тууралуу маалымдады. Жаңыланган эреженин маанилүү бөлүгү салттуу бөлүштүрүү моделинен кызмат көрсөтүү ыксына өтүү болуп саналат, бул болсо балдардын муктаждыктарына жана алардын үй-бүлөлөрүн процесске тартууга көңүл бурат. Эми ПМПКнын корутундусу тек гана ата-энелерге берилет жана аны билим берүү мекемелерине өткөрүп берүү үй-бүлөнүн жазуу түрүндөгү макулдугу менен