Манас шаарында карыздан 1,5 миллион сомдон ашык салык карызы өндүрүлдү
Манас шаарында У.Н.Т. аттуу карыздардан 1 590 317 сом өлчөмүндөгү салык карызы өндүрүлгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Сот аткаруучулары кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 14-августундагы Манас шаардык сотунун аткаруу листи көрсөтүлгөн сумманы Манас шаарындагы Мамлекеттик салык кызматынын кызыкчылыгында өндүрүүнү караган.