Ким Чен Ын кайрадан Түндүк Кореянын башкаруучу партиясынын лидери болуп дайындалды
Эл аралык санкциялардын улануусуна карабастан, Түндүк Корея өзүнүн ядролук потенциалын активдүү өнүктүрүүдө жана мезгил-мезгили менен континент аралык ракеталарды сыноо өткөрүүдө. Бирок режимдин сырдуу болушу себептүү аскердик технологиялар боюнча прогрессти так баалоо кыйын. Ким Чен Ын 2011-жылы атасынын өлүмүнөн кийин өлкөнү башкарууга киришкен. Ал ядролук курал программасына каражат бөлүүнү кыйла көбөйттү, бул Пхеньянды Батыш үчүн, айрыкча АКШ үчүн олуттуу коркунучка айлантты.