
Кар 20-январдан тарта жапон аралдарында активдүү түшүп баштады, ал эми кечээ, көп жылдардан бери биринчи жолу, кар түшүү Токиого да жетти. Мурда 35 жабырлануучу жана 400дөн ашык жабыркаган адамдар тууралуу маалымат берилген. Башкармалыктын маалыматына ылайык, көпчүлүк каза болгондор үйлөрүнүн чатырларын же тегерегиндеги аймактарды кардан тазалоого аракет кылып, тең салмактарын жоготушкан. Эң көп жабыркагандар Ниигата префектурасында катталды — 17 адам. 193 жабырлануучу оор жаракат алган. The Guardian тарабынан берилген маалыматка ылайык, Жапониянын 47 префектурасынын 15инде кар катмары кээ бир жерлерде 2 метрге жеткен. Аомори префектурасында 1700дөн ашык үй электр энергиясынан ажыратылган, ошондой эле авиарейстер жана темир жол каттамдары токтотулган. Өзгөчө кызматтардын, анын ичинде "шашылыш жардамдын" иши кардан улам кыйынчылыкка учурады. Жапон бийликтери температуранын жогорулашы менен кардын эриши мүмкүн экендигине байланыштуу жаңы кырсыктар толкуну болушу мүмкүн экендиги жөнүндө эскертүү беришти.