
Сүйүү күнүнө карата Central Asia порталы СНГ өлкөлөрүнүн президенттеринин жана алардын аялдарынын романтикалык тарыхалары жөнүндө обзор даярдады.
Азербайжан. Ильхам Алиев — Мехрибан Алиева
Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева 1964-жылдын 26-августунда Бакуда белгилүү интеллигенттер Пашаевдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Алардын аты илим чөйрөсүндө жана энергетикага байланышпаган бизнесинде таасиринин синонимине айланган.
Мехрибан Пашаева менен Ильхам Алиевдин нике тою 1983-жылы, жаштар университетте окуп жатканда өткөн. Мехрибан Москвадагы медициналык институтка жаңы эле которулуп келген, ал эми Ильхам МГИМОнун аспирантурасында билим алып жаткан.
Бир жылдан кийин алардын биринчи кызы Лейла төрөлдү, ал эми 1989-жылы Азербайжанга кайтып келгенде, экинчи кызы Арзуга ата-эне болушту. 1997-жылы Лондондо жүргөндө, Мехрибан күйөөсүнө Гейдар деген уулун тартуулап, үй-бүлөнү мурасчы менен толуктады.