
// truthsocial.com/@realDonaldTrump
Трамп өз билдирүүсүндө: «Иран менен эч кандай келишим болбойт, шартсыз капитуляциядан башка!» деп белгиледи. Ал ошондой эле, «чоң» жана «кабыл алынуучу» лидер тандалгандан кийин, АКШ жана алардын союздаштары Иранды мурдагы даңкына кайтарууга жардам берүүгө аракет кылаарын кошумчалады.
Мурда Трамп Ирандын жаңы лидерин тандоо процессине активдүү катышууну пландап жатканы тууралуу маалыматтар болгон. Axios'ко берген интервьюсунда, ал өзүнүн ролу Венесуэладагы бийлик алмашуу учурундагыдай болушу керек экенин белгиледи.