
Коопсуздук органдарынын маалыматына ылайык, Ж.С. апасын уктап жатканда жастык менен бууштуруп өлтүрүүгө аракет кылган.
«Эгерде аял каршылык көрсөткөндө, ал аны денесинин ар кандай бөлүктөрүнө бир нече жолу урган. Бул окуя катталып, учурда КРнын Кылмыш кодексинин 138-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду», – деп айтылат билдирүүдө.
Тергөө учурунда Ж.С. менен анын жубайы А.Г.нын WhatsApp аркылуу болгон сүйлөшүүлөрүндө, ал апасы Ж.М.ны өлтүрүү ниетин билдирген билдирүүлөр табылган», – деп кошумчаланды расмий билдирүүдө.
КРнын 96-беренесине ылайык, Ж.С. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Райондук сот эки айга камакка алуу чарасын кабыл алды.