
Бишкек шаарындагы Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын сүрөтү
Окуя 15-январда Жумабек көчөсүндө болгон. Жабырлануучунун айтымында, анын таанышына күч менен унаага отургузуп, өлтүрүүгө аракет кылган.
Ал качып чыгып, болгон окуяны телефонунда жазып алган.
Иш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча катталган.
Шектүү, 2003-жылы туулган, А.А. аттуу, изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.