Иш-чаралар күнү бою үч аянтта өтөт: негизги сценада, батыш DJ-аймагында жана панорамалык DJ-аймагында. Катышучулар конкурстардан, тематикалык түшүүлөрдөн, күндүзкү шоулардан, кол өнөрчүлүк ярмаркасынан, фудкорттордон жана фотозоналардан ырахат ала алышат. Фестивалдын ачылышы 09:40ка пландалган.
Программада:
- ар түрдүү элдердин улуттук кийимдеринде массалык түшүүлөр;
- жылдыздуу концерт жана DJ-вечеринка, 18:00дө башталат;
- сыйлыктарды утуп алуу, демөөрчүлөрдөн сюрприздер жана майрамдык фейерверк.
Келүүчүлөр үчүн «Кашка-Суу» (Темирлан дүкөнүнүн жанында) токтогон жерден тоо-лыжа базасына чейин микроавтобустар уюштурулат.
Жөнөтүү расписаниеси: 09:00, 10:00, 11:00
Кайтып келүү рейстер: 09:30, 10:30, 15:30, 19:00.
// Turmush