
Кыргыз футбол союзунда 8-ноябрда Хорватия делегациясы менен жумушчу жолугушуу өттү, аны Европада белгилүү футболчу жана машыктыруучу Роберт Просинечки жетектеди. КФСтин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдө уюмдун тараптан биринчи вице-президент Нурдин Букуев, башкы катчы Медербек Сыдыков жана техникалык директор Дайнис Казакевич катышты. Хорватия делегациясын Штефан Довина, Франьо Херцег, Бране Голубич, Гордан Циприч жана Зоран Терзич өкүлчүлүк кылды.
Жолугушууда негизги көңүл Кыргызстандын улуттук курама командасын өнүктүрүү, машыктыруучуларды даярдоо, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен футбол долбоорлорун ишке ашыруу маселелерине бурулду.
Ошондой эле Кыргызстандын улуттук командасына жаңы башкы машыктыруучу дайындоо маселеси талкууланды, хорват тарап бул боюнча өз сунуштарын жана көз карашын билдирди.
Жолугушуу конструктивдүү мүнөздө өтүп, КФСтин европалык футбол уюмдары менен эл аралык байланыштарын бекемдөө үчүн маанилүү кадам болду.
Роберт Просинечки — Хорватиянын эң белгилүү футболчуларынын бири, ал карьерасын аяктагандан кийин машыктыруучулук ишмердүүлүккө киришип, Азербайжан, Босния жана Черногория клубдары жана курама командалары менен иштеди.