
Жалал-Абад облусундагы үй-бүлөлүк конфликт трагедия менен аяктады. Аймактык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 3-январда 35 жаштагы Д.Я. өзүнүн 28 жаштагы аялын өлтүргөндүгүн моюнга алып, ыкчам жардамга кайрылган.
Тергөө учурунда эркектин жакында чет өлкөдөн кайтып келгендиги аныкталды. Жеке пикир келишпестиктерден улам чыккан конфликт учурунда ал аялына көкүрөк аймагына бир нече бычак сайган, бул жаракаттар өлүмгө алып келген. Учурда шектүү камакта, ага карата тергөө иштери улантылууда.