



Министр Ибраев энергетиктерди начар аба ырайы шарттарында туруктуу электр энергиясын камсыздоого жана иш режимин күчөтүүгө чакырды. Ал ошондой эле авариялык бригадаларды тез арада кырсыкка жооп берүү үчүн зарыл жабдуулар жана техника менен камсыздоо, ошондой эле калкты тейлөөнү активдештирүү зарылдыгын белгиледи.