"Туура диагноз коюу — бул ийгиликтүү дарылоонун негизги шарты. Оорулардын убагында жана так аныкталышы үчүн мамлекетке күчтүү лабораториялык база керек", - деп баса белгиледи министр.Жогорудагыны эске алып, Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте заманбап референс-лаборатория түзүү долбоору боюнча ишти баштады, ал жогорку технологиялар менен жабдылып, өнүккөн логистика жана санарип инфратүзүмгө ээ болот. Борбордук лаборатория региондордогу бөлүмдөрдүн тармагы менен жогорку сапат стандарттарын камсыздап, калк үчүн диагноздун жеткиликтүүлүгүн жакшыртат, деп белгилешти министрликтен.
Досмамбетов ошондой эле Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына лабораториялык медицина боюнча адистерди даярдоо үчүн факультет ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну, ал эми медициналык колледждерге лаборанттарды окутууну күчөтүүнү тапшырды.