Бул демилге 2025-жылдын 15-30-августунда Кыргызстанда өткөн Silk Road Mountain Race ("Шелковый путь") тоо веложарышынын алкагында Равенсбургдан (Германия) Патрик Майерле жана Уэст-Честерден (АКШ) Питер Бре тарабынан ишке ашырылган кайрымдуулук долбоорунун натыйжасы болуп саналат. Бул жарыш дүйнөдөгү эң кыйын жарыштардын бири болуп эсептелет.





Спортчулар өз катышуусун Кыргызстандагы онкологиялык оорулуулардын балдарына жардам берүү үчүн арнашты. Натыйжада, алар 15 809 евро чогултууга жетишти. Долбоор Umai - Hilfe für Kirgistan e.V. (Штутгарт, Германия) кайрымдуулук уюму жана "Жардам берүү оңой" коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.
Бул Патрик Майерленин "Шелковый путь" веложарышындагы экинчи акциясы. 2025-жылы ушундай эле демилгеде 1 миллион сом чогултулуп, ал да Кыргызстандагы балдар үчүн дары-дармектерге толугу менен жумшалган.
Жарыштын башталышына чейин Патрик Майерле жана Питер Бре Ош шаарындагы онкогематология бөлүмүнө барышып, балдар жана алардын ата-энелери менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.