
Кайрылуусунда муфтий мусулмандарды, кыргыз элин жана бардык адамдарды ушул урматтуу айдын башталышы менен куттуктады.
Ал ооз бекитүүнүн Жаратуучубуз Аллах жөнүндө дайыма эскертип тургандыгын, жоопкерчилик сезимин жандандыра тургандыгын белгиледи. Орозо жанды тазалайт, адамдын ички дүйнөсүн кооздойт, аны сабырдуу кылып, жакшылыкка шыктандырат, ошондой эле Аллахтан коркууну күчөтөт.
«Орозо учурунда мусулман көздөрүн тыюу салынган нерселерден, кулактарын уруксат берилбеген нерселерден, ал эми тилин калптан коргойт. Ал тыюу салынган тамак-аштан жана жаман иштерден өзүн коргойт, анткени Аллах бардык нерселерди көрүп, билет», — деп айтылат анын сөздөрүндө.
Мындан тышкары, Абдулазиз Закиров Пайгамбар Мухаммеддин хадисин эскертип, Рамазан айында чын жүрөктөн ооз бекиткен, түнкү намаздарды окуган жана Кадр түнүн ибадат менен өткөргөн адамдын мурдагы күнөөлөрү кечирилерин айтты.
Кайрылуусунун аягында ДУМК жетекчиси бардык ишенгендерге алардын ооз бекитүүсү кабыл алынышын каалады.