2023-жылдын 1-апрелинен баштап, медицина кызматкерлеринин айлыгы эки эсе көбөйтүлөт.
"Ар бир дарыгер жана медайымга айына 15 миң сом президенттик фонддон айлыкты көтөрүү үчүн бөлүнөт. Бул кызматкерлер үчүн кошумча стимул болушу керек", - деди орун басар министр.
Мындан тышкары, ал жаш дарыгерлердин депозитинин аймактарда 33 миң сомдон 66 миң сомго чейин көбөйгөнүн кошумчалады.Учурда 500 дарыгер бул депозитти үч айда бир алат, ал эми жылдын аягына чейин дагы 2 000 дарыгерге төлөмдөрдү баштоо пландалууда. Бул, анын пикиринде, медицинада кадр жетишсиздигин чечүүгө жардам берет.
Ошондой эле Мамадалиев неонатологдор, педиатрлар жана анестезиолог-реаниматологдор ай сайын кошумча 20 миң сом алышарын билдирди.
2025-жылга карата Саламаттыкты сактоо министрлигинин бюджети 52 млрд 383 млн сомду түзөт, жана жыл сайын ал көбөйүп жатат, - деди орун басар министр.