Метеозависим адамдар үчүн сунуштар
Атмосфералык шарттардын өзгөрүшү өзгөчө созулмалуулук оорулары бар жана кары адамдар үчүн ден соолукка терс таасир этүүсү мүмкүн. Республика ден соолукту чыңдоо борборунун адистери мындай күндөрдө абалды жакшыртуу үчүн бир нече ыкмаларды сунушташты.Адистердин маалыматы боюнча, метеозависимдиктин биринчи симптомдору аба ырайы өзгөргөнгө 1-2 күн калганда пайда болуп, бир нече күнгө чейин уланышы мүмкүн. Аларга тынчсыздануу, алсыздык, баш айлануу, кан басымынын өзгөрүшү жана башка ыңгайсыз сезимдер кирет.
Ден соолукту жакшыртуу үчүн сунуштар
- Эртең мененки зарядка жана күн бою кыскача ийкемдүүлүк көнүгүүлөрү тамырлар менен булчуңдарды тонустап, кан айланууну жакшыртууга жардам берет.
- 7-8 саатка созулган толук кандуу уйкуну камсыз кылыңыз. Жакшы эс алуу мээнин ден соолугу үчүн маанилүү.
- Күн сайын кеминде 1,5 литр суу ичип туруңуз. Суу организмдин функциясында маанилүү роль ойнойт. Кофенин күнүнө 1-2 чаша менен чектеңиз жана алкогольду минималдаштырыңыз.
- Рациоңузга көңүл буруңуз. Тамактануу организмди табигый витаминдер жана азык заттар менен камсыз кылышы керек, алмаштыргычтар жана консерванттардан качыңыз.