19-мартта ведомстводо министр Улан Ниязбековдун жетекчилиги астында аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынын катышуусунда онлайн-жыйын өттү.
Бул жыйында ИИМдин 2026-жылдын биринчи кварталындагы ишинин жыйынтыктары чыгарылып, Орозо айту жана Нооруз майрамдары учурунда тартипти камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.
Басма сөз кызматы майрам күндөрүндө милициянын атайын режимде иштээрин, коомдук жайларда, мечиттердин жанында жана массалык иш-чаралар пландалган аянттарда патрулдардын санын көбөйтүү менен иштээрин белгиледи.
Жалпы тартылган кызматкерлердин саны 12 миңден ашат.Министр Ниязбеков кырдаалды дестабилизациялоого болгон аракеттерди, ошондой эле жалган маалыматтарды жана провокациялык аракеттерди токтотуунун зарылдыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле майрам күндөрүндө укук бузууларды алдын алуу үчүн оперативдүү ишмердүүлүктү активдештирүүнү тапшырды.