Экинчи типтеги диабетти кантип алдын алууга болот, медиктер айтып беришти
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун маалыматы боюнча, 2-тип диабетинин 80% учурларын алдын алууга болот. Шекер диабети — бул кандын глюкоза деңгээлинин жогорулашы менен мүнөздөлгөн созулмалаган абал, бул тамырларга, жүрөккө, көздөргө, бөйрөктөргө жана нервдерге терс таасир этет.