Бишкекте жана Чүй облусунда абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоор ишке ашырылууда
2026-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министр Медербек Машиев жана министрдин орун басары Асель Раимкулова катышкан жолугушуу өттү. Окуяга Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) делегациясы да катышты, деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.