
Архивден алынган сүрөт. Тилекмат Куреновдун иши боюнча соттук териштирүү Бишкекте башталды
Соттун төрагасы Нурлан Кожомбердиев медиа өкүлдөрү үчүн отурумдун аудио жазуусуна тыюу салды. Журналисттердин бири бул тыюунун юридикалык негиздерин тактоого аракет кылды, бирок судья суроону игнорлоду жана аны залдан чыгарды.
Тилекматтын адвокаты Асель Аргымбаева отурум учурунда коргоо тараптан төрт арыз берилгенин билдирди: биринчиси журналисттердин процесс учурунда аудио жана видео жазуу үчүн залга кирүүсүн камсыз кылуу, экинчиси саясий экспертизаны далилдердин катарынан алып салуу, үчүнчүсү болсо саясий эксперт Жанышбек уулу А. менен байланышкан документтерди текшерүү үчүн берүү боюнча арыз. Бирок бул арыздардын үчөө сот тарабынан четке кагылды.
Анткен менен, кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу мөөнөтүн узартуу боюнча арыз кабыл алынды.
Кийинки отурум 13-февралга белгиленди.
Эскерте кетсек, 19-апрелде Тилекмат Кудайберген уулу БАЭден Бишкекке ГКНБ кызматкерлеринин тарабынан жеткирилген. Спецкызматтар анын чет өлкөдө жүргөндө социалдык тармактарда массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырган провокациялык контенттерди активдүү жарыялап жатканын билдиришүүдө. 21-апрелде Первомай райондук соту Тилекматка камакка алуу түрүндөгү чараны тандоону чечти.