Ошто Сабиров атындагы мектептин аймагындагы курулуштардын мыйзамдуулугун текшеришет
Ош шаарында М. Сабиров атындагы №65 орто мектептин аймагында курулуштардын мыйзамдуулугун текшерүү пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев 21-январда өткөн таңкы рейд учурунда билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр тиешелүү кызматтарга билим берүү мекемесинин аймагында турак жайларды куруунун мыйзамдуулугун аныктоону тапшырды. Токторбаев эгер мыйзамсыз бөлүнгөн жерлер табылса, анда ушул жылдын 1-мартка чейин тиешелүү органдар жерди бошотуу боюнча эскертүү бериши керектигин