"Ашкере абалда". Кабминдин башчысы бардык мектептердеги туалеттерди текшерүүнү тапшырды
23-декабрда өткөн алты комитеттин жыйынында депутат Бекешев мектептердеги туалеттердин абалы жакшы эместигин белгиледи. Ал нааразычылыгын билдирип: "Балдар мындай шартта окубашы керек! Сыныптарда баары жакшы көрүнөт, бирок туалеттер — бул жөн эле уят! Суранам, бардык билим берүү мекемелеринде текшерүү жүргүзүңүздөр", — деди.