Кыргызстанда пиротехниканын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө көзөмөл күчөтүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мыйзамсыз соода жана пиротехникалык каражаттарды пайдаланууга каршы багытталган бир катар профилактикалык иш-чараларды баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бул иш-чаралардын негизги максаты — жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана сапатсыз пиротехника же мыйзамсыз жүгүртүүдөгү буюмдарды колдонуу менен байланышкан мүмкүн болгон өрттөрдү, жаракаттарды жана башка кооптуу окуяларды алдын алуу.