
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-ноябрында Кыргызстанда 108,4 миң адам ай сайын социалдык жардам алууда. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,2% га аз, андагы жардам алгандардын саны 108,7 миңди түзгөн.
Социалдык жардам пенсиондук камсыздандыруу укугу жок жана эмгекке жарамсыз жарандар үчүн берилет. Алардын катарына 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, ата-энесиз калган балдар, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, баатыр-энелер жана кары адамдар кирет.
Ай сайын берилүүчү жардамдын өлчөмү жардам алгандардын категориясына жараша 2 миңден 8 миң сомго чейин өзгөрөт.
Республика боюнча, учурда бир адамга берилүүчү жардамдын орточо өлчөмү 6 344,7 сомду түзөт. 2023-жылдын 1-ноябрына карата жардам төлөөгө 7,2 миллион сом бөлүнгөн.