Ай сайынгы социалдык жардам пенсиондук камсыздандырууга таянбай турган жана иштөө мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн арналган. Мындай категорияларга төмөнкүлөр кирет:
- 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдар,
- бир ата-энесинен ажыраган балдар,
- эки ата-энесинен ажыраган балдар,
- балалык кезинен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар,
- жалпы оорудан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар,
- баатыр энелер,
- карылар.
Жардамдын өлчөмү алгандар категориясына жараша өзгөрүп, 2000 сомдон 8000 сомго чейин болот. Республика боюнча орточо ай сайынгы жардамдын өлчөмү 6344,7 сомду түзөт. 2025-жылдын 1-ноябрына карата жардам төлөөгө 7,2 миллион сом бөлүнгөн.
Министерство ошондой эле учурдагы мыйзамдарга ылайык, райондук коэффициенттер колдонулган айылдардагы жарандар үчүн мамлекеттик жардамдардын өлчөмдөрү, эмгек акы жана башка социалдык төлөмдөр боюнча ушул коэффициенттерди эске алуу менен эсептелинерин белгиледи.