Суу алуу жайындагы оңдоолордун кесепетинен Бишкектин бир бөлүгү бир күн бою ичүүчү суусуз калат (карта)
Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, 20-ноябрда "Кок-Жар" суу алуу жайында жүргүзүлүүчү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу муздак суу берүү убактылуу токтотулат. Токтотуу 09:00дөн 19:00гө чейин пландалууда. Токтотулган аймак 7-апрель, "Улан-2" микрорайону, Аламедин дарыясы, Скрябин, Юнусалиев, М. Горький жана кайрадан 7-апрель көчөлөрү менен чектелген.