Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмү болгону 7 пайызды түзөт
2030-жылга чейин өкмөт бул көрсөткүчтү 25 пайызга чейин жогорулатуу пландап жатат «Агродиалог» форумунда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 2025-жылы айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 459,7 млрд сомго жетерин, бул 2024-жылга салыштырганда 62,9 млрд сомго көп экенин билдирди. Ал ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 104,7 млрд сомду түзгөнүн, бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 16,2 млрд сомго ашык экенин белгиледи. Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра