Таш-Кумырдагы цемент заводун куруу долбоорунда жаңы инвесторлор пайда болду
Таш-Кумырда цемент заводу куруу пландалууда. Жалал-Абад облусундагы президенттин өкүлүнүн маалыматына ылайык, 13-февралда Министрлер кабинетинин жана ОсОО «Юг Евро Цемент» ортосунда ушул шаарда цемент заводу куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу келишимге кол коюлду.