Академик Плоских Ысык-Көлдөгү суга батып кеткен борбордун гипотезасын тастыктады
Халыкаралык тарыхый-археологиялык экспедициянын жетекчиси, Улуттук илимдер академиясынын академиги Владимир Плоских, быйылкы талаа сезонунда Чигу (же Чигучэн) деп аталган жоголгон борбордун жаңы артефактылары табылганын билдирди. Бул борбор кочмондордун күчтүү усунь мамлекетине таандык болгон.