Мурда, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин №122 токтомуна ылайык, каттоо 2025-жылы өткөрүлөт деп пландалган.
Бул иш-чара он жылда бир жолу өткөрүлүп, өлкө үчүн маанилүү статистикалык окуя болуп саналат, анын максаты — айыл чарбасынын абалы жана структурасы жөнүндө толук, так жана ишенимдүү маалыматтарды чогултуу. Алынган натыйжалар эффективдүү агрардык саясатты түзүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана айылдык аймактардын туруктуу өнүгүшү үчүн колдонулат.
Каттоонун натыйжасында төмөнкү критерийлер боюнча маалыматтар чогултулат:
- бардык формалардагы менчиктеги айыл чарба ишканаларынын жана чарбаларынын саны жана структурасы;
- айыл чарба продукциясынын түрлөрү жана көлөмдөрү;
- жер, эмгек жана материалдык ресурстарды болушу;
- жаныбарлар жана куштардын саны;
- фермердик чарбаны жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жана механизация деңгээли.