
26-ноябрда ОДКБнын катышуучу өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жолугушуусу болуп өттү, анда уюмдун алкагындагы кызматташтыктын келечеги талкууланды. Бул тууралуу Беларусиянын коргоо министри Виктор Хренин билдирди.
Ал биргелешкен иштин жыйынтыктары чыгарылганына көңүл бурду.
«Биз коргоо министрликтеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү планарына киргизилген бир катар иш-чараларды макулдаштык жана бардык министрликтер тарабынан кол коюлду», - деп кошумчалады ал.
ОДКБнын маанисин жоготуу тууралуу суроолорго жооп берип жатып, Хренин таң калышын билдирди, «бул бекер сөз» деп айтты.
«Бул жаман адамдардын пикири. ОДКБ азыр дагы өз күчүнө ээ. 2022-жылы Казакстанда биз өлкөлөрдү ички жактан дестабилизациялоого багытталган олуттуу чакырыктарга ыкчам жооп берүү жөндөмүбүздү көрсөттүк», - деп баса белгиледи министр.