
Учурда белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовго арналган көркөм фильмдин тартылышы башталды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине режиссер жана оператор-постановщик Каныбек Калматов билдирди.
Ал жакында көрүүчүлөр фильмдин негизги окуяларын жана темаларын ачып берчү тизерди көрө аларын белгиледи.
«Биз ушул күндөрү тизерди тартуу менен негизги тартууга даярдык көрүп жатабыз. Фильмдин негизги бөлүгү сезон боюнча, блоктор менен тартылат», - деп кошумчалады ал.