Раимжанов Абдухалим Раимжанович

Раимжанов Абдухалим Раимжанович (1943),
медициналык илимдердин доктору (1988), профессор (1989), НАН КРдин корреспондент-мүчөсү (2000)
Тажик. Ош облусунун Кадамжай районундагы Уч-Коргон айылында туулган.
КГМИни (1965) аяктаган, ошол жерде клиникалык ординатура жана аспирантураны (1970), Москвада Бүткүл Союздук гематология илим борборунда докторантураны (1988) аяктаган.
Ст. лаборант, с.н.с., ассистент, доцент, профессор, КГМАнын кафедрасынын жетекчиси болуп иштеген, 2000-жылдан бери - КРдин М3 гематология боюнча Кыргыз илим борборунун директору.
Гематология тармагында адис. КРдин Ардак грамота менен (1995), СССР медалдары, “Дацк” медалы менен сыйланган.
Кырг. ССРдин Эмгек сиңирген дарыгери (1989), Нью-Йорк илим академиясынын академиги (1994), ЮНЕСКОнун “Жылдын эң мээримдүү адамы” сыйлыгынын лауреаты. “Руханият”, “Ата-Тюрк” эл аралык сыйлыктарынын лауреаты.
170тен ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 монография жана 25 окуу-методикалык сунуштары жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 1 докторлук жана 2 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Гипо- жана апластикалык анемиялар (автордук). “Тышкы ооруларды тоо климатында дарылоо” китебинде. Ленинград, “Медицина”, 1977.
2. Кан системасынын бийик тоолорго адаптация процессиндеги ролу (автордук). “Физиология боюнча колдонмо” китебинде. Адамдын ар кандай климаттык-географиялык шарттарга адаптациясы. Ленинград, “Наука”, 1980.
3. Бийик тоолордо темир жетишсиздигинен болгон анемияларды дарылоо (автордук). “Темир жетишсиздигинен болгон анемиялар” китебинде, Ташкент, 1995.
4. Апластикалык анемия жана тоо климаты. Бишкек, 2000.
5. Functional Features of Hemapoiesis in Patients with Aplastic Anemia during High-Altitude Climate Therapy.