Пулат-хан — кедей кыргыз, хан болгон
Мулла Искак Асан уулу — Пулат-хан 1873—1876-жылдардагы көтөрүлүштү башкарган ишенимдүү жана туруктуу жетекчи Мулла Искак Асан уулу — Пулат-хан (1844—1876-жылдар). Архивдик документтер жана адабий булактар боюнча, Пулат-хан элден чыккан. Заравшан бөлүмүнүн башчысы А. Абрамов жана аскер тарыхчысы М.Терентьев Пулат-ханды жөнөкөй кыргыз деп белгилешет. Кашгар башкаруучусу Мухаммед Яккуббек жана Каратегин шахы Мухаммед Рахимбай Пулат-ханды тукуму жок өзүн-өзү жарыялаган адам же кандайдыр бир мулла