Суу чарбасы
Суу пайдалануу жана суу керектөө системасында, ички чарбалык жана мамлекеттер аралык суу мамилелеринде Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндө» мыйзамы 1994-жылдын 14-январында кабыл алынган, 1995-жылы кээ бир өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иштеп жатат. Анын негизги өзгөчөлүгү - ал табигый ресурстарды пайдалануу укуктарынын акы төлөнүшүн, ошондой эле суу берүү жана суу объекттерине жана суу чарба курулмаларына булганыч заттарды төгүү боюнча кызматтарды белгилегендигинде.