
Маалыматка ылайык, бул иш-чара 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет жана Улуттук банктын колдоосу менен, ошондой эле мамлекеттик органдар, финансылык мекемелер, Депозиттерди коргоо агенттиги жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда уюштурулат.
Улуттук банктын сүрөтү. Жалпы дүйнөлүк жыйноо күнү
Жалпы дүйнөлүк жыйноо күнүнүн негизги максаты жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, жыйноо маданиятын калыптандыруу жана финансылык каражаттарды акылдуу пайдаланууга үндөө.
27-31-октябрь күндөрү Бишкекте жана башка аймактарда өтүүчү иш-чаранын алкагында мамлекеттик мекемелер, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компаниялары жана окуу жайлары менен биргеликте ар кандай иш-чаралар пландаштырылган. Иш-чаранын катышуучуларын ачык сабактар, лекциялар, интерактивдүү оюндар, экскурсиялар, ачык эшик күндөрү, сынактар жана викториналар күтүп турат. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө жыйноолордун мааниси жана аларды сактоо жана көбөйтүү боюнча ар кандай ыкмалар тууралуу маалымат берилет.