Маалыматта, бул чечим Кыргызстандагы сертификаттоо жана көзөмөл системасы Евросоюздун стандарттарына ылайык келерин көрсөтүп турат деп баса белгиленет.
Бул чечим кыргызстандык бал өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын сатуу базаларын кеңейтүүгө жана глобалдык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.Мурда балды Европага экспорттоону уюштуруу боюнча аракеттер жасалган, бирок катуу сертификаттоо шарттары бул мүмкүнчүлүктөн четтеткен.
Министрлик Европалык Союзга экспорттоого жеткиликтүү продукциянын ассортиментини көбөйтүү боюнча иштерин улантууну пландаштырууда, деп маалымдалууда.