Келишим ОсОО «Алтын Эмгек» менен керектүү жабдууларды жеткирүү боюнча түзүлгөн.
Бул контрактты түзүүнүн негизги себеби ААКнын жалгыз акционери, санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри тарабынан кабыл алынган чечим болуп саналат.
ААК «Тундук» 2025-жылдын күзүндө президенттин жарлыгы менен негизделгенин эске салуу маанилүү. Уюмга төмөнкү мекемелердин функциялары өткөрүлдү:
- Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Тундук» мамлекеттик мекемеси;
- Билим берүү министрлигинин санариптик билим берүү борбору;
- Эмгек министрлигинин социалдык коргоо боюнча санариптештирүү борбору;
- Саламаттык сактоо министрлигинин электрондук саламаттык сактоо борбору, медициналык статистика жана саламаттык сактоого ИТ-истемаларды киргизүүнү эске албаганда;
- Жогорку соттун «Адилет сот» мекемеси.