
Мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 176 миллион доллардан ашык каражат түштү
Республикалык жыйындын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров 2021-жылдан 2025-жылга чейин «Кумтордон» жалпы киреше 5 миллиард 115 миллион долларды түзөрүн билдирди.
Ал «Кумтордун» мамлекеттик менчикке кайтарылышы Кыргызстандын экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө маанилүү кадам болгонун баса белгиледи.
Анын билдирүүсүнө ылайык, бул мезгилде салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө бюджетке 1 миллиард 176 миллион доллардан ашык каражат түштү. Мындан тышкары, акыркы төрт жылда республика 441 миллион доллар дивиденд алды, бул 38 миллиард сомдон ашыкка барабар.
Садыр Жапаров ошондой эле 1994-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстан «Кумтордон» жалпысынан 100 миллион долларга жакын дивиденд алганын белгиледи.
«Мурда 410 тонна алтын чыгарылган, анын болгону 1 тоннасы гана биздин өлкөгө пайда алып келди. Азыр болсо «Кумтор» бюджет кирешелеринин ишенимдүү булагына айланды, бул социалдык милдеттенмелерди жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого мүмкүнчүлүк берет», - деп кошумчалады Президент.