
Минэнерго КРдин маалымат кызматынын сүрөтү
Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык ыкмалар киргизилүүдө. Айрыкча, Ош облусундагы «Исанова» подстанциясын куруу долбоорунун алкагында дрондор аркылуу маршруттарды изилдөө жүргүзүлүүдө.
Бул жаңы метод аэрофотосъемка жана электр линияларынын трассаларын видеосъемка кылууну жогорку тактык менен жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Жыйналган маалыматтар 3D форматында иштетилет, бул жердин рельефин, техникалык мүнөздөмөлөрдү жана курулушка байланыштуу мүмкүн болгон көйгөйлөрдү так изилдөөгө шарт түзөт, деп айтылат расмий билдирүүдө.
Мындан тышкары, ирандык Monenco Iran компаниясы менен келишим түзүлгөн. Экология жана социалдык аспекттер боюнча изилдөөлөр жана долбоорлоо эл аралык MERCADOS ARIES INTERNATIONAL, S.A. консультациялык компаниясы менен биргеликте жүргүзүлөт.
Дрондорду колдонуу маршруттарды так пландаштырууга, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин алдын ала баалоого жана коопсуздук стандарттарын сактоону катуу көзөмөлдөөгө жардам берет. Бул Кыргызстанда энергетикалык долбоорлордо заманбап технологияларды колдонуу боюнча биринчи учур болуп саналат, бул жаңы стандарттарды орнотууга жана региондун электр энергиясын камсыздоосунун туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле кайра жаңыртылуучу энергия булактарын интеграциялоого жардам берет, деп белгилешти Минэнергодо.