
Виртуалдык түрдө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасына караштуу Гонконгдун атайын административдик аймагынын ортосунда кирешелер жана капитал боюнча эки жолку салык салууну жокко чыгаруу жөнүндө келишимге кол коюлду.
Бул документтин максаты эки тараптын ишкер субъекттери үчүн эки жолку салык салуу маселесин жоюу, ошондой эле салык алдамчылыктарынын алдын алуу жана тиешелүү органдар арасында маалымат алмашууну камсыз кылуу болуп саналат.
Мындан тышкары, келишимдин шарттарынын бузулушунан сактоо максатында, бир мамлекеттин резиденттерин экинчи мамлекеттин аймагында дискриминациялык салык салуудан коргоону камсыз кылат.
Каржы министрлигинде мындай эки жолку салык салууну болтурбоо боюнча келишимдер түзүү чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартууга жана Кыргызстан менен Гонконгдун экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө көмөктөшөрүн белгилешти.