
Министрликтен билдиришкендей, бул документтин максаты — көргөзмө-ярмарка ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү бизнеске колдоо көрсөтүү жана кыргыз товарларын чет өлкө рынктарында илгерилетүү.
Меморандум Экономика жана соода министри Бакытым Сыдыков жана BiExpo директору Виктор Линовицкий тарабынан кол коюлду.
Документ мамлекеттик жана жеке секторлордун эл аралык көргөзмөлөрдү жана бизнес иш-чараларды уюштуруудагы кызматташтыгын тереңдетүүнү, ошондой эле жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү жана эл аралык деңгээлде соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөнү карайт.
2026-жылдын 4-6-июнунда «Жаштык» кичи аренасында Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 эл аралык аралык көргөзмөсү өтөт, анда ШОС өлкөлөрүнүн, анын ичинде Россия, Беларусь, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан жана Казакстан өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.