
Жыйналыш учурунда министр айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн пикирлерин угуп, аныкталган көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды берди. Жыйналыштын катышуучуларына финансылык ресурстарга жетүүнү жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар жана түшүндүрмөлөр берилди. Эрлист Акунбеков бакчачылык жана кооперацияны өнүктүрүүдөгү ийгилик аймактардагы бюрократиялык жана финансылык тоскоолдуктарды тез арада жоюуга байланыштуу экенин баса белгиледи.